Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

17:38 Ысыккөл: Өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок чарбалардын карызын жоюу боюнча кат жөнөтүлдү


Айыл-чарба тармагындагы өңчөй көйгөйлөр жеке менчик жана ири мамлекеттик чарбаларды карызга кириптер кылууда. Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы айыл чарба департаментинин жетекчиси Жолдошбек Байсеитовдун маалыматы боюнча, дыйкандар бюджеттик ссуда, кредиттерди кайтара албай калды. Облустагы мамлекеттик деп эсептелген жападан жалгыз Оргочор асыл тукум кой чарбасы дагы союз убагындагы салык жана башка 4 млн. сомдон ашык төлөмдөрүнөн кутула албай атат. Ошондуктан өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок чарбалардын жалпы 42 млн. сомдой карызын жоюу боюнча сунуш Жогорку Кеңеш менен өкмөткө расмий түрдө жолдонду. (RB)

XS
SM
MD
LG