Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

ОРУСИЯ: ЖОГОРКУ СОТ ӨЗБЕК КАЧКЫНЫНА КАРАТА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Жогорку соту өзбек качкыны Дилшод Курбановду Ташкенге өткөрүп бербөө чечимин кабыл алды. Өткөн айда Страсбургдагы адам укугу боюнча Европалык сот Дилшод Курбановду Өзбекстанга өткөрүп бербөө өтүнүчү менен Москвага кайрылган. Курбановду өзбек бийлиги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/3DD51466-C2EC-4115-9756-9E3E87F9E62E.asp экстремизм менен байланышы бар деп айыптоодо. Ал былтыр май айында Тула облусунда кармалган жана Орусиянын баш прокурору тарабынан аны Өзбекстанга өткөрүп берүү чечими кабыл алынган эле.

Орусиянын Жогорку соту 28-майда Өзбекстандын атуулу Дилшод Курбановду кармап, Ташкен бийлигине салып берүүгө каршы өкүм чыгарды. Жакында Страсбургдагы адам укугу боюнча Европалык сот Орусия өкмөтүнө Чеченстанда орусиялык аскерлердин 2002-2003-жылдар арасы жүргүзгөн аракеттери учурунда кармап кетип, ошол бойдон кийин ың-жыңы жок жоголгон адамдардын үйбүлөсүнө 550 миң доллар ооз басырык төлөө милдетин койгон.

«Новая газета» жазаганга караганда Өзбекстандын атуулу Дилшо Курбанов өз өлкөсүнөн 2003-жылы чыгып кеткен. Ал ислам динин кабылдагандан тартып ага өлкөнүн күч органдары кысым көрсөтө баштаган. Бийлик ага экстремизм жолуна түшкөн жаран катары мамиле жасай баштаган. Ошол себептен Курбанов качып Орусияга келген. Ал эми Ташкен болсо аны өткөрүп берүү талабы менен Кремл бийлигине кайрылуу жасаган.

Ошондо Тула облусунда жашап аткан Курбановду өткөн жылы 30-майда орусиялык баш прокурордун буйругу менен кармап Ташкенге чыгарып бермек болушкан. Орусиянын баш прокурорунун чечимине ылайык, Курбанов Өзбекстандын мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга умтулган жана коомдук коопсуздук, же коомдук тартипти бузуу коркунучун жараткан үгүт жүргүзгөн. Андыктан ал Өзбекстанга өткөрүлүп берүүгө тийиш. Ал эми Курбанов бул айыптарды четке кагып, эч кандай исламдык уюм же кыймыл менен байланышы болбогонун айтат.

Байкоочулар Москванын өзбек качкынын Ташкен бийлигине өткөрүп берүү менен Бириккен Улуттар Уюмунун 1951-жылы кабыл алыган «Качкындар тууралуу» мыйзамды орой бузат деп эсептешет. Эл аралык укук талабы боюнча качкындарды күчкө салып өткөрүп берүүгө тыюу салынган. Ошого карабай Орусия бийлиги кийинки жылдары Өзбекстанга 2006-жылы октябрь айында Рүстөм Муминовду өткөрүп берип, аны Ташкен беш жарым жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 2007-жылы декабрда Абдуганы Камалиевди өткөрүп бергенде өзбек бийлиги аны он бир жылга эркинен ажыратты деп жазат ПРИМА-News.

Тула облус сот Курбановду өткөрүп берүү өкүмүн чыгаргандан кийин анын адвокаты 22-апрелде адам укугу боюнча Европалык сотко кайрылган.

Айрым серепчилер орусиялык сот бийликке көз каранды болгондуктан анын өкүмү адилеттүү болбойт дешет. Ошондуктан Литвиненконун өлүмүнө айыпкер деп Лондон талап кылган кишини бийлик тил эмизүү жолу менен Москвадан чыгарбай коюшу, ошол эле маалда Кремл бийлиги ылым санаган Ташкен койгон талапка ыкчам макул болгону буга мисал болгонун айтып келишет. Саясий байкоочу Елена Рябинина буларды айтат:

-Маселен, Луговой туурасында сөз жүргөндө бийлик аны толук коргоого алат. Ал эми мекенинде саясий жана диний багытта куугунтукка алынган өзбек качкындарынын тагдыры тууралуу кеп болгондо аларды Ташкен бийлигине өткөрүп берүүгө дилгир.

XS
SM
MD
LG