Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

12:30 Прагада Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди


У.Черчиль атындагы жогорку экономикалык мектепте Чехиянын ишкер чөйрөсүнө Кыргызстандагы инвестициялык климат, салык мыйзамдары, ири бизнес долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Иш-чара Чехиядагы жана Германиядагы кыргыз элчиликтеринин демилгесинде ишке ашты. Ага Чехиянын КМШ өлкөлөрү боюнча Соода палатасынан, Соода жана өндүрүш министрлигинен, Инвестиция жана ишкерликти колдоо чех агенттигинен өкүлдөр катышышты. Кыргыз элчиликтери өлкөгө ири инвестициялар тартуу максатында жакынкы келечекте ушул өндүү дагы ири бизнес форумдарды өткөрүүнү пландап жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG