Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

ОШ: БАСА АЛБАГАН СТУДЕНТ КАЛККА КАЙРЫЛАТ


Жанарбек Акаев, Ош Мына-мына басканы калдым деген үмүт менен жашаган 18 жаштагы Асран Жээнкулов быйыл ОшМУнун тарых-философия факультетинин 2-курсун ийгиликтүү аяктады. Катаал тагдыр Асранды эл катары басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратса да, ал өзү теңдүүлөрдөн калбай билим алууга тырышып, ыр жазып, кайдыгерликтен алыс. Ал тубаса майып болуп төрөлсө да, бечара ата-эне үмүт артып, Бишкек шаарына алып барып, үч жолу операция жасаткан. Асран төрөлгөндөн тарта эле атасы Назаркул аны жонуна көтөрүп жүрүп өстүрдү. Азыркы убакта да ал жалгыз уулун жогорку окуу жайына окууга өткөрүп, жадагалса сабакка да көтөрүп кирип-чыгып, өзү сүйгөн кесиптин ээси кылсам деп тилейт.

Үчүнчү жолку операциядан кийин акырындык менен таякка сөйөнө баштаган Асран учурда жайкы экзаменин ийгиликтүү аяктап, шаардагы музейлердин биринде практикалык ишин өтөп жаткан экен. Шаардын четинде жайгашкан окуу корпусунун бир бөлмөсү атасы экөөнө университет тараптан берилип, ошол тар бөлмөгө айылда мугалим болуп иштеген апасы да келип, үй-бүлөдө бактылуу мезгил өкүм сүрүп турган учурда үстүнөн чыктык. Асран алгач бизди ата-энеси менен тааныштырды.

- Үй-бүлөдө үчөөбүз: атам, апам жана мен. Апам айылда педагог болуп иштейт, алгебра жана геометрия сабактарын окутат. Атам болсо мени менен жүрүп, мени карап, мени менен дайыма бирге. Сабактардабы, каерде болбосун, бирге жүрөт. Ошон үчүн аларга терең ыраазычылык билдирем. Келечекте алардын ак сүтүн актайм деп ойлойм.

“Азаттык”:-Асран, айтсаң, мектепте окуп жүргөндө коомдук иштерге аралашчу белең?

- Мектепке барып эле окуу сектору, андан кийин президент катары көрсөтүлүп ал жерде иштедим, кийин бир канча стипендиянын ээси болдум. «Үлгү», «Толерантность» клубдарында иштедим. Ал жерде иштеп Баткен, Кызыл-Кыя, Аксы жана башка жерлерди аралап, Падыша-Ата, Сары-Челек сыяктуу жерлерге барып келдим.

“Азаттык”:-Ыр да жазат турбайсыңбы? Биздин угармандарга ошол көркөм дүйнөңдөн бөлүшпөйсүңбү?

-“Мекеним менин - Кыргызстан” деген алгачкы ырларымды окуп койсом:

Менин сулуу мекеним,
Гүлдөй бергин өркүндөп.
Сени жакшы көрөмүн,
Төрт бүгүлүп жериңди,
Керек болсо өбөмүн!

Кыргызстан менин сыйлаарым,
Ырларым да, ыйманым
Мекенимде бактылуумун дайыма,
Жаштыгым жашыл арманым.

“Азаттык”:-Асран, сен окууда, коомдук иштерде дайым алдыңкы саптарда жүрөт экенсиң. Азыркы студенттерге кандай мүнөздөмө берет элең?

- Студент деген өзү аракет кылган, өзү окуган, илим тапкан адам болуш керек да. Азыркы студенттерди карап көрсөң акчасына ишенеби, атасынын акчасынабы... Бирок окугандар жок деп да айталбайм, окубагандар да арбын. Студенттер эмне үчүн окубай жатышат, анткени жогорку окуу жайларда талаптын жоктугунан, алар дагы баягы парага көнүп алган, коррупцияга белчесинен баткандан кийин, бул нерсе студенттерди да четтеп өткөн жок.

Мындан сырткары жаңы окуу жылынан тарта Асран англис-тилин үйрөнүү үчүн атайын курстарга бараарын айтып, “кудай тилегимди орундатып, бутум айыгып кетсе, келечекте депутат болуп, өлкөгө кызмат кылам” деген максаты бар экенин билдирди. Эки жылдан бери ал факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, мактоо баракчалары менен сыйланып, курсташтарынын сүймөнчүлүгүнө айланды.

- Биринчи курска келгенде, балдар аны эки жагынан кармап көтөрчүбүз, оорчулуктарды жаратчу деле эмес. Сабак бүткөндө кийинки сабакка балдар эки жагынан көтөрүп алып жүрөбүз. Асран бир кызык тема болуп калса, дароо ыр жазганга дилгир. Илхом кандай келет, мен түшүнбөйм. Группадагы эң активисттердин бири, - деди Асрандын тайпалаш досу Самат.

Асран буга чейин үч жолу операция жасатканы менен, дале болсо басуу бактысына жете элек. Бир бөлмөлүү тар үйдө жашаган ата-бала «Азаттык» аркылуу жалпы кыргыз элине жардам сурап кайрылышты.

- Азыр бүт эле жерде акча сурашат. Асран төрөлгөндөн тарта эле ооруканада жүрүп келди. Бул көп акча каражатын талап кылат. Азыр да санаторийлерге, ооруканага жатып дарыланууга акча керек. Кыргыздын чыгаан азаматтарына, колунда бар адамдарга кайрылаар элем: колуңардан келсе, жардам кылсаңар, - дейт Асрандын атасы.

Ошентип, үйдө жатып, бизди ыр менен тосуп алган Асран кайрадан ыр менен узатып койду.

- Студенттик алтын доорду,
Мен дагы сүрүп жатам.
Билимдүү болгонума,
Сүйүнүп атсам дагы
Өмүрдүн өткөнүнө,
Бир чети капаланам...

XS
SM
MD
LG