Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨКМӨТ ӨКҮЛДӨРҮНҮН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Карасуу районундагы Папан айылдык Кеңешинин депутаттары калкка гуманитардык жардамды жана жер тилкелерин мыйзамсыз тараткандыгы үчүн айыл Өкмөтүнүн гана эмес район акиминин да отставкасын талап кылышууда. Ал эми облустук бийлик бардыгы мыйзам чегинде чечилээрине үмүт байлатууда.

Ызы-чуу менен коштолгон Оштогу маалымат жыйынында Папан айылдык парламентинин айрым өкүлдөрү айылдык Кеңештин 15 депутатынын 11и эки жолку сессиясында тең Папан айыл Өкмөтүнүн башчысы Медер Мырзабековдун ишин канаттандыраарлык эмес деп таап, кызматтан кетүүсүн талап кылышкандыгын билдиришти. Буга жериликтүү аткаминердин калкка гуманитардык жардамды жана жер тилкелерин мыйзамсыз тараткандыгы себепчи болгон. Бирок, алардын айтымында, Мырзабековду район акими Токтосун Барманов жумушунан бошотпой, калкалап келатат:

- Элге анча-мынча айыл өкиөт башчысы айтып коет экен, силердин колунардан эч нерсе келбейт, керек болсо акимге бир чемодан акча берип койгом деп. Бир участокту Дыйкан кыштак участогунда 10 миң доллардын айланасында сатат экен угушубуз боюнча. Менин оюмча ушул айыл өкмөт башчысы жана аким ушул күнгө чейин депутаттардын укугун тебелеп, эч кандай жыйынтык чыгарбагандыктан булардын моралдык укугу жок иштешке.

Айылдык Кеңештин дагы бир депутаты Бурмакан Чырмашева быйыл кыштагы жер титирөөдөн катуу жапа чеккен жердештерине жөнөтүлгөн гуманитардык жардам адилетсиз бөлүштүрүлгөндүгүн:

- Жер титирегенде элдин санына карата гумжардам барган. Ошол барган карапайым 3-4-даражага дагы тийбей эле, айыл өкмөткө караштуу өзүнүн туугандарына, эл башчылар өзүнө бөлүп алып, туура эмес бөлүнгөн.

Коллегасын кубаттаган Эркинбай Максытов буларды кошумчалады:

- Кетирген көп кемчиликтери үчүн элди нааразы кылгандыгы үчүн Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын отставкасын талап кылабыз. Акимге баа бериш биздин депутаттардын ишине киреби, кирбейби билбейм. Бирок менин жеке байкоомдо аким өзүнүн ордуна ылайыксыз деп эсептейм.

Ош облус губернатору Аалы Карашев Папан айыл Өкмөтүнө байланышкан чырга мыйзам чегинде чекит коюлаарын «Азаттыкка» курган маегинде төмөнкүчө жар салды:

- Чындыгында Папан айыл өкмөтүндө чыр болуп, айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөө боюнча атайын сессия өткөргөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө мыйзамы бар. Ошол мыйзамга ылайык айыл өкмөт башчысын кызматтан чететтүү райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, акимге жүктөлгөң. Жеринде изилденип, бүгүн комиссия ишин аяктап калды, менимче жакын арада комиссия өзүнүн справкасын бергенден кийин, ошонун негизинде чечим кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG