Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

18:30 Майлуу-Суу электр шамдарын чыгаруучу заводдо эмгек акы созулууда


Жумушчуларга март айынын маянасы 21-июлдан баштап төлөнөөрү күтүлүп жатат. Эмгек акынын кечеңдешине өндүрүштүн азайып кеткени себепкер болгон. Жарым жылда завод 72 миллиондун ордуна 32 миллион даана электр лампочкасын чыгарган. Электр жарыгы, эмгек акы үчүн ишкана жалпысынан 120 миллион сом карыздар болгон. Апрель,май, июнь айларынын эмгек маянасы качан төлөнөөрү белгисиз. Акысы убагында тийбеген жумушчулардын арасында башка жакка иш издеп кеткендер да көбөйүүдө. Заводдун жетекчилиги ушул тапта электр шамдарын Орусияга сатуу, “Вагус” фирмасынан кредит алууга аракет көрүүдө. Аталган орусиялык фирма заводдун акциясынын 95 пайызына ээлик кылат. (YA)

XS
SM
MD
LG