Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

13:10 Бишкек мэриясы Ата Түрк багындагы жер участокторуна байланыштуу токтомдорду жокко чыгарды


18-июлда премьер-министр Игор Чудиновдун катышуусунда өткөн Бишкек шаарынын коллегиясында Ата Түрк багынын жанында курулуп жаткан үйлөр боюнча маселе каралып, ал жерде жер участогун бөлүп берүү боюнча ткотомдор жокко чыгарылды. Бул тууралуу биринчи-вице-мэр Олег Тарбинский маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча материалдар прокуратурага жолдонуп, жер участогун бөлүп берүүгө чечим чыгарган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат. Маалыматка караганда 1992-жылы Бишкек шаардык кеңеши Ата Түрк багынын чегин аныктаган. 2002-жылдан бери ал жерде мыйзам бузуу менен 130 участок бөлүнүп берилген. Эскерте кетүүчү жагдай, өткөн жылы 16-майда президент Курманбек Бакиев Ата Түрк багынын аймагында курулуп жаткан үйлөрдү жеринде көрүп, бул жерге жеке үйлөрдү курууга уруксат берген чиновниктерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG