Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

16:15 Кыргызстанга АКШ Конгрессинин делегациясы келди


АКШ элчилигинен маалымдашкандай Конгресстеги сенаттык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид баштаган беш кишиден турган делегация Кыргызстанга бүгүн келип түштү. Конгресс өкүлдөрү үч күндүк иш сапары учурунда Кыргызстандын мамлекет башчылары менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшмөкчү. Мындан тышкары сенаторлор АКШ тарабынан берилип жаткан жардамдардын программалары менен таанышып, Тынчтык корпсунун волонтерлору менен жолугушмакчы. Ошондой эле АКШ Конгрессинен келген делегация коалициялык күчтөрдүн аскерий “Манас” аба майданына да баруусу күтүлүүдө. Делегациянын курамында Гарри Ридден тышкары сенаторлор Жефф Бингеман, Билл Нельсон, Жонни Исаксон, жана Роберт Менендес бар. Сенатор Гарри Рид 1986-жылдан бери АКШ Конгрессинин жогорку палатасынын мүчөсү. 2006-жылдан бери сенаттык көпчүлүктү жетектейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG