Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Пакистандын куралдуу күчтөрү талиптерге абадан сокку урду


Пакистандын Куралдуу күчтөрү Ооганстан менен тогошкон чек аранын жанындагы кагылышуулардан бери дегенде 100 талип жоочусу өлтүрүлгөнүн маалымдады. Бажаур вилайетинде төрт күнгө созулган салгылашууларда тогуз пакистандык жоокер да набыт болгон. Кабарларга караганда, жоочулар жашырынган аймактарга Пакистандын куралдуу күчтөрү абадан сокку урган. Бул вилайетте салгылашуулар өткөн аптада талиптер Хар райондук борборундагы чек ара бекетине кол салган соң башталган. Бажаур вилайети “ал-Каиданын” согушкерлери жана жоочулары жашырынган аймак катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG