Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

11:19 Президент К.Бакиев Чолпон-Атада жолугушуу өткөрдү


16-августта өткөн бул жолугушууга Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын губернаторлору, Бишкек шаарынын мэри катышты. Анда кышка даярдык, азык-түлүк коопсуздугу талкууланды. Курманбек Бакиев жетекчилерге айыл чарба азыктарын ортомчусуз сатуучу базарлар ачылып жатканын дыйкандарга жакшылап жеткирүүнү тапшырды. Буга чейин президент Бишкек шаарында айыл чарба азыктарын дыйкандардан ортомчусуз сатып алуучу базар ачуу демилгесин көтөрүп, анын негизинде базар курулушу башталгандыгы маалымдалган. Оппозиция өкүлдөрү болсо дыйкандарга жерди иштетүүгө айылда шарт түзүлмөйүнчө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо мүмкүн эмес деп, ортомчусуз базарга ишеним артышкан жери жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG