Бул тууралуу бүгүн өлкө президенти Курманбек Бакиев кечээки авиакырсыкка байланыштуу премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алган учурда билдирип, өкмөт токтому менен бул күн аза күтүү күнү деп жарыяланууга тийиштигин айтты. Өкмөт башчы авиакырсык боюнча президентке толук маалымат берип, акыркы маалыматтар боюнча учактын ичиндеги 90 адамдын 65и өлүмгө кабылганын белгиледи. Өлкө башчысы кырсыктаган жабыркагандардын жакындарына тиешелүү жардамдарды көрсөтүү зарылдыгын белгилөө менен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.(SM)