Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

12:10 ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Арменияга өтөт


ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынында төрагалыкты кыргыз тараптан Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян өткөрүп алмакчы. Эртең Москвада өтчү бул жыйынга кыргыз тышкы министри Эднан Карабаев да катышып, бул уюмга төрагалык кылган бир жыл ичиндеги кыргыз тараптын аракети, жасалган иштер тууралуу маалымат берет. Эртеңки жыйындын күн тартибине жалпысынан 18 маселе кирген. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Орусия, Беларусь, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (SM)

XS
SM
MD
LG