Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

18:30 Чолпон-Ата шаарында Кыргыз-Орусия журналисттеринин 3 күндүк фестивалы башталды


8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы “Ташкул ата” маданий комплексинде “Ысык-Көл-2008” деп аталган Кыргызстан менен Орусия журналисттеринин фестивалынын ачылыш салтанаты болду. Кыргызстан тараптан мамлекеттик катчы Нур Досбол уулу президенттин куттуктоосун окуган соң Орусиянын журналисттер союзунун төрагасы Всеволод Богданов сөз сүйлөдү. Аталган маданий комплексте пленардык эки жыйын өтүп, анда эки өлкөнүн журналисттеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Фестиваль үч күнгө созулат. Ага Орусиядан 110, Кыргызстандан 70 журналист катышууда. Журналисттер өз ишин эртең 9-сентябрда “Аврора” эс алуу жайынан улантат. (RB)

XS
SM
MD
LG