Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

АЛАСАСЫН АЛА АЛБАГАН МУГАЛИМДЕР ИШ ТАШТООГО ДАЯР


Бир канча жылдан бери эмгек стажы үчүн төлөнчү кошумча төлөмдөрдү ала албай келишкен мугалимдердин бир канча өкүлдөрү Жогорку Кеңешке атайын кайрылуу жолдошту. Кайрылууда соттун чечимине карабай Каржы министрлиги төлөмдөрдү бербей келатканы, эгер мындай абал улана бере турган болсо иш таштоо, ачкачылык жарыялоого чейин барышары айтылат. Тиешелүү мекемелер буга азырынча жооп беришпегени менен Акыйкатчы институту соттун чечиминин аткарылышын көзөмөлгө алмай болду.

Мугалимдердин эмгек стажы үчүн берилчү кошумча төлөмдөр берилбей, 2003-жылдан бери мамлекеттин мугалимдерге болгон карызы 2 миллиард 400 миллион сомго жеткен. Мугалимдер ал акчасын ала албай акыры бир тобу Каржы министрлиги менен соттошконго чейин барышкан. Акыры быйыл өкмөттүн токтому чыгып, 2010-жылга чейин тиешелүү мекемелерге карыздарды төлөп берүү милдеттендирилген.

План боюнча кошумча төлөмдөр үч баскыч менен бериле турган болуп, аны Жогорку Кеңеш да бекитип берген эле. Ошентсе да азыркы тапта биринчи баскычта бериле турчу 300 миллион сом карыз толугу менен берилген эмес. Ошол себептүү азыркы тапта Кыргызстандын ар кыл региондорунан келген мугалимдердин өкүлдөрү, көңүл бергусу келбеген өкмөткө нааразычылыктарын билдире башташты.

Акчаларын доолап, сотто жеңип алган мугалимдер, Каржы министрлиги баш болгон тиешелүү өкмөттүк мекемелер алардын арыз-муңун укпай жаткандыктан иш таштоого, ачкачылык акцияларын өткөрүүгө да даяр болуп калганын айтышат. Кыйладан бери Бишкекте жүргөн мугалимдердин өкүлдөрү абалды мындайча сыпатташат:

Ишенбек Алтымышов, Нарын райондук Кылыч Ырысмендеев атындагы мектептин мугалимдер жамаатынын өкүлү:

- Мен парламентке кайрылуубуз менен кыскача тааныштырып кетсем. “Биз, мугалимдер, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечимдеринин негизинде берилген аткаруу барактары, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан толугу менен аткарылышы керек деп эсептейбиз жана талап кылабыз. Бул маселе оңунан чечилбесе жер-жерлерде иш таштоолорду уюштуруп, ачкачылык жарыялап жана ушул сыяктуу иш-чараларды жасай турганыбызды билдиребиз...”

Назира Эсенгулова, мугалим:

- Азыркы учурда Жогорку Кеңештин алдында депутаттардан чоң үмүт кылып, маңдай тер менен тапкан акчаларыбызды алууга жардам беришет го деп жүрөбүз. Бардык региондордон мугалимдердин жыйырмага жакын өкүлдөрү келдик.

Акмат Акышев, Кара-Буура районунун Омкул Чалданбаев атындагы мектептин мугалимдеринин өкүлү:

- Мугалимдердин көйгөйүн айтып, акчабызды ала албай эки-үч айдан бери ушул жерде жүрөбүз. Кыйналып бүттүк, жете турган чекке жеттик. Мындан ары эмне кыларыбызды билбейбиз. Бардык нерсеге барганга даярбыз.

Каржы министрлигинен азырынча мындай нааразычылыктарга жооп берүүнү каалаган бирөө жарым чыккан жок. Ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо соттун чечими тургандан кийин аны аткаруу зарылдыгын, мугалимдердин бул жааттагы укуктары корголорун билдирди:

- Соттун чечими бар. Бизге да кайрылышкан, азыр төлөтүп берүү боюнча тиешелүү иштерди аткарып атабыз. Негизи төлөтүп бериш керек аларга.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов болсо, дегеле билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдүн тамыры тереңде экенин баса белгилеп, 1991-жылдан бери бул тармакты тейлеген он бирден ашык вице-премьер-министр, 11 министр алмашканын, кийин келгени улам мурункусу жасаган иштерди талкалай беришкенин, мугалимдердин кошумча төлөмдөр боюнча нааразычылыгы ошол көйгөйлөрдү чети гана экендигин билдирди:

- Өкмөт төлөп бериши керек. Мыйзамда жазылып турат, соттун чечими бар. Өкмөткө дагы эмне керек? Колунан келбесе, анда бул башка маселе.

XS
SM
MD
LG