Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ДЕПУТАТТАРДЫ СУРАККА ЧАКЫРУУДА


Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын билдирүүсү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында айрым күбөлөр чакырылып, суракка алынууда. Иш боюнча Максим Бакиев көрсөтмө берген. Парламенттин депутаттары, социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү Роза Отунбаева, Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов Башкы прокуратурага чакырылган. Алар кечээ Башкы прокуратура депутаттарды чакырып, суракка алууга акысы жоктугун билдиришти.

30-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримов маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видео билдирүүсү боюнча кылмыш иши ачылып, ага тиешелүү кишилер сурак беришерин билдирген эле:

- Бүгүн болсо (30-сентябрда) Максим Бакиев Башкы прокуратурага чакырылып, тергөөнү кызыктырган суроолорго жооп берди. 2-октябрга болсо Жогорку Кеңештин айрым депутаттары чакырылып жатышат. Анын ичинде Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов, Роза Отунбаевалар бар. Жана болсо ошол Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакуповалар.

Башкы прокуратуранын парламент депутаттарын суракка алууга акысы жок экендигин 2-октябрда социал-демократиялык фракциянын өкүлдөрү Бакыт Бешимов, Роза Отунбаева, Иса Өмүркуловдор маалымат жыйынында кабарлашты. Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимовдун ырасташынча, жооптуу кызмат адамынын ишин таштап качып кетиши өлкөдөгү саясий абалдын өтө эле калтыс экендигин көрсөтөт. К.Кабилованын иши боюнча фракция Башкы прокуратурага кайрылган.

- Анда болсо биздин иш тартибибизди эске алып туруп ушул Жогорку Кеңеште тиешелүү маекти жүргүзсө болот дедик. Тилекке каршы, биз азыр жооп алдык. Алар биздин ушундай сунуштан баш тартты,- деп айтты Бакыт Бешимов.

Башкы прокуратура өз кезегинде депутаттар суракка эмес, көрсөтмө бергенге чакырылып жатканынын айтууда.

Депутат Роза Отунбаева Клара Кабилованын билдирүүсү боюнча бул ишке тиешеси жок адамдарга күнөөнү оодара салуу аракети жасала баштагандыгын мисалга тартты:

-“ Маалыматты таратты”, деп жалаа жаап жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Мен айтат элем, чынында бул бийликтин ичиндеги эки топтун кагылышуусу.

Суракка чакырылчу дагы бир депутат Иса Өмүркулов Борбордук шайлоо комиссия жетекчисинин кызматын таштап кетиши айласыздан жасалган арга экенин ырастап, аны мындайча сыпаттады:

- Бул жан ачыгандан чыккан сөз. Анан да бул биринчи болуп жаткан окуя эмес. Кыязы, Жогорку Кеңешке шайлоонун кандай өткөнү а кишиге тынчтык бербесе керек. Бул биринчиси. Экинчиден, алдыда шаар, жергиликтүү кеңештин шайлоосу турат. Мурдагы сценарий боюнча аны дагы эле кыстоого алышса керек. Айтса, азыр Бишкек шаары боюнча бардык участоктордо кимдердин өтөрү айтылып, конкреттүү ысымдар атала баштаптыр.

Социал-демократиялык фракциянын өкүлдөрү Кыргызстан ушу тапта кысталыш абалга кириптер болуп калганын, мындай шартта бириккен оппозиция коррупция менен күрөшчү кызматтарды жетектеп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

К.Кабилованын кызматын таштап кетиши өлкөдө кадр саясатынын кандайлыгын кашкайта көрсөтчү окуя болгонун айтышты.

Бакыт Бешимов бул окуядан азыркы бийлик эч кандай сабак албай жатканын билдирди:

- Бийликтин ушyндай саясатынан эл кыйналып жатат. Маселе ушунда болуп жатат.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын башчысы Үсөн Ашымов 2-октябрда президенттик акимчиликтин жетекчиси Медет Садыркулов суракка чакырылганын кабарлап, депутаттар видеоматериалды кайдан алышканын айтып бериши керектигин ырастады:

- Алып келип таркаткандыгы үчүн “бул материалды сиздер каяктан алдыңыздар, сиздердин колго кантип тийди” деген диалог катарында булардын суракка чакырылышы ошол маалымат жыйынында эле белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин социал-демократиялык фракциясынын өкүлдөрү К.Кабиловага байланышкан иштердин кыйласы келерки жумада ачыкка чыгып каларын билдиришти.

XS
SM
MD
LG