Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

ЧЕХ ЧАЛГЫНЧЫЛАРЫ ӨЛКӨДӨ ТЫҢЧЫЛАР УРГААЛДУУ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ ДЕЙТ


Эдил Сапарбек уулу, Прага Дээрлик жыйырма жыл мурда Берлин дубалынын кулашынан бери Борбордук Европа кайрадан эл аралык тыңчылыктын чордонуна айландыбы? Жакында эле Чехиянын атайын чалгын кызматы өлкө ичинде Орусия жана башка мамлекеттер тарабынан тыңчылык иш-аракети катуу жүргүзүлүүдө деген коңгуроо каккан билдирүү таркатты. Алардын айтымында, мындай чалгын аракеттери АКШнын өзөктүк соккудан коргонуу үчүн колдонулчу радарды Чехиянын борбору Прага шаарынан алыс эмес жерде орнотуу демилгесинен кийин күч алган. Бирок мындай билдирүүлөр саясий өңүттөгү толкундоолорду жаратты. Маселен, солчул оппозиция өкүлдөрү өкмөттү “чалгын кызматынын маалыматын шайлоо алдында саясатташтырып жатат” деп айыптоодо.

25-сентябрда өзүнүн жылдык баяндамасын жарыялаган Чехиянын BIS деп аталган атайын чалгын кызматы АКШнын радарына коомчулук пикирин каршы бурууга аракеттенген Орусиянын тыңчылары Чехиянын аймагында өтө жигердүү иштеп жатканын билдирди. BISтин айтымында, бул жаатта Орусия тыңчылары дипломатиялык статусту жамынуу менен Чех саясатчыларына жана маалымат каражаттарына таасир этүүгө аракет кылган.

Чехиялык чалгын кызматынын божомолунда, Орусиянын бул жаатта жигердүү иш алып баргандыгы НАТО менен Евробиримдикти алсыратып, Борбордук Европада Совет доорундагыдай коопсуздук тилкесин калыбына келтирүү аракети болушу мүмкүн.

Ал эми “Базаларга жол жок!” деп аталган Чехиянын радарга каршы чыккан негизги бейөкмөт топторунун бири Орусия менен байланышы бар экени тууралуу жоромолду четке какты.

Эми Чехиянын аскердик чалгын кызматынын мурдакы жетекчиси, ардагер генерал Андор Шандордун (Andor Sandor) бул тууралуу пикирин угуп көрсөк:

- Радар станциясы өзөктүк куралга ээ Орусия үчүн эч канадай коркунуч туудура албайт, аны алар жакшы билишет. Бирок бул жерде кептин баары таасир тийгизүү чөйрөсүндө жатат. Америкалык радардын биздин өлкөбүздүн аймагында орнотулушу менен орусиялыктардын биздин өлкөдө таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө биротоло бөгөт коюлуп жатпайбы!

АКШ көптөн бери эле аталган система Иран өңдүү кооптуу өлкөлөрдүн ракеталык чабуулун алдын алууга багытталган деп кайталап келет. Бирок Орусия мунун башка да тымызын максаттары бар деп шекшип келет.

Август айында орусиялык генерал, Орусия Куралдуу күчтөрүнүн штабынын башчысынын орун басары Анатолий Ноговицын Чехия Республикасы менен Польша америкалык ракетадан коргонуу системаларын өз өлкөсүндө орнотууга уруксат берүү менен кайра өздөрүн чабуулга бута болууга, ал түгүл өздөрүнө каршы өзөктүк курал пайдалануу коркунучуна кириптер кылууда деп билдирди.

Чехиялык саясий партиялар радар жаатында бири-бирине каршылаш турумда кала берүүдө.

Радар маселесинде оппозицияны колдоп жаткан мурдагы антикоммунист, диссидент Петр Ул (Petr Uhl) «орус тыңчылары» тууралуу кабарга мындайча пикирин айтат:

- Бул шайлоо алдындагы саясий оюн. Мындай ыкма кеңири таркаган, маселен бир тарап каршылашынын кемчиликтерин чукуп ачыктай берет, ал эми шайлоого келгенде шайлочулар добушун аларга бербей койот.

Бирок Чехиянын чалгын кызматынын баяндамасында кайсы мамлекет тыңчылык кылганы так айтылбастан, тек гана айрым чет элдик чалгын кызматтары деп гана чектелүүдө.

Бул боюнча генерал Андор Шандор радар темасы кайсы өлкөнүн бүйүрүн кызытып жатканын байкоо жеңил-желпи иш экенин белгилейт.

- Эгерде ирандык тыңчылар бул жакта иштеген жок дешсе, мен өтө таң калаар элем. Анткени сиз ачык эле айтып, бул радар бекети ирандык өзөктүк жана баллистикалык ракета коркунучун алдын-алуу үчүн орнотулат деп жатсаңыз, анда, демек, ирандыктар бул өлкөдө эмне болуп жатканын ичтен билүүгө куштар болоору кыйла түшүнүктүү эмеспи.

Деген менен мурдагы аскердик чалгынчы, генерал Шандор Чехиянын аскердик чалгын кызматы өлкөнүн коопсуздук маселесине олуттуу маани берип жатат деп ишенет.

Ошол эле учурда, радар айланасындагы маселе саясий партиялар тарабынан тигил же бул багытта чечиле турган болсо, анын натыйжасында өлкөнүн атайын кызматы саясий оюндун курмандыгы болуп калбашы да керек, дейт ал.

XS
SM
MD
LG