«Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын байкоочусу Уларкан Аттокурова Жалал-Абаттагы техникалык лицейдеги шайлоо участкасындагы добуш берүүгө көз салып турган.
“Жекшемби күнү түшкө дейре жарандар шайлоого активдүү катышты. Мыйзамды бузбай добуш берүүгө жарандар көнө баштаганы байкалат. Шайлоо комиссиялары биз түзгөн аныктамаларга кол коюудан баш тартышты. Он экиден кийин эл келбей калды. Паспорту жоктор болуп атты. Үй-бүлө үчүн үчүн бюллетень таштап коеюн деп суранып таштап койгондор болуп атты. Ага анча-мынча комиссиянын мүчөлөрү көз жумуп, кое берип койгон фактыларды көрүп аттык, актыларга кол коюшкан жок,-деди », –деп айтты Уларкан Аттокурова.
Жалал-Абат шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Ильич Нарматов шайлоонун таза жана калыс өтпөгөнүнө нааразы болуп, кемчиликтер тууралуу шаардык шайлоо комиссиясына кайрылган. Анын айтымында шайлоо участкалары бийликке көз каранды болуу менен өз ара топ түзүп алган адамдарга кызмат кылышты.Медициналык окуу жайдагы шайлоо участкасынын төрайымы добуштарды саноодо өз билемдик кылган. Шайлоочулардын тизмелеринде одоно каталар кетирилген, деди Ильич Нарматов:
- Карусель оюнун участкалык комиссиянын мүчөлөрү биримдик болуп бийликке иштеп беришти. Медициналык окуу жайдагы участоктон эч кандай негизсиз айдап чыгышкан. Негизги тизмелерде катачылыктар өтө көп болгон. Протоколдорду түзүп бүткөндөн кийин менин байкоочуларыма милициялардын жардамы менен медучилищадагы участкалык комиссиянын төрайымы кол койдуруп, эгерде азыр кол коюп бербесеңер силерди мен каматам дегенге чейин барган. Жаш балдар коркушканынан кол коюп беришкен эч кандай мыйзам бузуулар болбоду деп.
Депутаттыкка талапкер Кадырбек Жакыповдун болжолунда да жарандар жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна тегиз катышкан жок. 50 батирлүү үйдөн шайлоого тогуз гана киши барган. Бюллетендер тангактап таркатылып, шайлоочулар өздөрүнүкүнөн сырткары башка шайлоо участкаларга барып да добуш беришкен учурлар болду. Депутаттыкка өткөн адамдарды эл шайлады дегенге ооз барбайт, аларды шайлоо участкалары өткөрүп койду деп нааразы болду Кадырбек Жакыпов:
- Шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Бир нече жолу пачкалап бюллетень таштоолор, башка шайлоочулардын ордуна добуш берүүлөр болду. Шайлоо комиссиялардын өтө мыйзам бузуулар менен иштегендиги аныкталды. Мен Жалал-Абат шаарындагы №7 округдан талапкерлигимди койгон элем. Мунун бардыгын участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү өздөрү жасашты. Башка шайлоо округуна тиешеси жок адамдар келип кыдырып жүрүп шайлашты.
Жалал-Абат шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Раимбек Султанов талапкерлердин мындай жүйөөлөрүн четке кагуу менен шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 76 пайыздан ашыгы катышканын билдирди.
Мыйзам бузуулар тууралуу аймактык шайлоо комиссиясына үч кайрылуу түшкөн, бирок ал даттанууларда ачык далил жок. Талапкер менен байкоочуларга жана алардын өкүлдөрүнө орой мамиле кылган медициналык окуу жайдагы шайлоо участкасынын башчысына эскертүү берилди. Шайлоокомдордун айрымдары кечирим сурашты:
- Далил жок даттануулар болду. Талапкерлердин аракет кылгандарын эске алып, биз аны сөзсүз түрдө карап чечип бердик. Минтип-тигинтип койду дейт, же аты жок. Бийлик адамдарынын келгенин көргөн жокмун, – деген жообун айтты шаардык шайлоокомдун төрагасы Раимбек Султанов.