Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

ЕВРО АЙМАГЫНДАГЫЛАР КРИЗИСТИН ЭБИН ТАПТЫК ДЕШЕТ


Дүйшөмбү күнү Европанын биржаларында соода-сатык өйдөлөгөн көрсөткүчтөр менен ачылды. Россияда да акциялар өстү, Австралиянын жана Азиянын бир катар рыноктору жогорулаган индекстер менен жабылды. Байкоочулар муну евро аймагындагы он беш өлкөнүн жекшемби күнү Парижде өткөрүлгөн чукул жыйынында кабыл алынган чечимдер менен байланыштырышууда.

Жаңы башталган аптанын биринчи күнүндө биржадагы негизги индекстер Сэулда жана Сингапурда 3 процентке, Сиднейде дээрлик 4 процентке өстү. Алардын соңунан Россияда жана Европада да акциялар жогорулады.

Мунун алдында Парижде евронун аймагындагы он беш өлкөнүн лидерлери жыйын өткөрүп, чукул аракет планын макулдашкан эле. Жыйынга демилгечи болгон француз президенти Николя Саркози планда азыркы финансылык кризистин бүт өңүттөрү эске алынганын ырастады.

“Банктар бизден карызга акча алганга муктаж, өз кезегинде банктар үжөрө акысын төлөгүсү же бизнеске акча салгысы келген жеке адамдарга насыяга акча бере алат. Ишеним ушинтип ордуна келет, банк зайымдарын беш жылга кепилдегенге мамлекеттердин мүмкүндүгү болот. Бул өтө маанилүү, муну мен француздарга, ошондой эле бардык европалыктарга айткым келет – алардын аманаттары корголду”,-деп айтты Саркози.

Жыйынга катышкан Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу менен Европа борбордук банкынын башчысы Жан-Клод Трише да Парижде туура чечим табылганын бышыкташып, эмки кеп ар ким өзүнө алган милдеттенмени аткарышта калды деп айтышты.

Евро тобундагы өлкөлөр орток фонд түзүшпөйт, ар бир өкмөт кризисти ооздуктоо үчүн Парижде макулдашылган бирдиктүү стратегиянын аңытында аракеттенишет. Бул максатка канча каражат сарп кыларын бүгүн Франция менен Германия жарыялайт.

Британия евронун аймагына кирбейт, деген менен өкмөт Париждеги усулга ылайык өлкөнүн үч ири банкына 37 миллиард фунт стерлинг инвестиция бөлөт. “Биз көрүп жаткан аракеттер - өнөгөсүз иш, бирок баарыбыз үчүн өзгөчө маанилүү,- деп айтты премьер-министр Гордон Браун. – Бул экономисттер менен финансы эксперттери үчүн гана эмес, Британиядагы ар бир үй-бүлө жана жалпы бизнес үчүн да маанилүү”.

Өткөн аптанын акыркы күндөрү Вашингтондо өнүккөн жети өлкөнүн министрлери жолугушуп, “беш баскычтуу” план кабыл алышкан эле. Алардын соңунан жекшемби күнү бир катар өлкөлөр да кризиске каршы күрөштүн өз алдынча чараларын иштеп чыкканын билдиришти. Австралиянын премьер-министри Кевин Рудд, эсеби,калктын банктарга салынган аманат акчасы алардын өлчөмүнө карабастан үч жылдык мөөнөткө өкмөттүн өтүлдүгүнө алынганын тастыктады.

Байкоочулар дүйнөлүк өкмөттөр көрүп жаткан ушул жана башка кадамдар инвесторлор менен трейдерлердин ишенимин арттырганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG