Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

СДП фракциясы антикризистик концепциясын жарыялады


СДПнын Жогорку Кеңеши өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруунун алты багытын белгиледи. Биринчи кезекте социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө мамлекеттин көзөмөлү, коррупцияга каршы аеосуз күрөш, калкты социалдык жактан коргоонун натыйжалуу чаралары керек деп эсептейт фракция. Мындан тышкары концепцияда жагымдуу инвестициялык шарт түзүү, айыл чарбасына өзгөчө колдоо көрсөтүү, системаны өзгөртүү кризистен чыгуунун негизги жолу катары белгиленген. Фракция лидерлери ошондой эле эки күн мурда президент Курманбек Бакиев жарыялаган кризисти алдын алуу чараларын жетишсиз, жеке эле менчикти коргоо аркылуу экономикалык кризистен кутулуу мүмкүн эмес деп жатышат. Мындай маалыматты бүгүн фракция лидерлери атайын маалымат жыйынын уюштуруп, таратышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG