Борбордук банк башкы үстөк пайызды 1.08 упайга төмөндөттү. Акыркы үч айдагы төртүнчү жолку төмөндөтүүнүн жыйынтыгында бул көрсөткүч азыр 5.6 пайыз болду. Банк ошондой эле банктар резервде кармай турган акчанын көлөмүн азайтып, карызга берүүчү акчанын көбөйүшүнө жол ачты. Ай башында кытай өкмөтү глобалдык кризистин тушунда экономиканы колдоого дээрлик 600 миллиард доллар бөлгөн эле.