Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Жогорку Кеңеш СДП фракциясына пресс-борборун бербей койду


СДП фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов менен фракция мүчөсү Роза Отунбаева Талас облусуна сапарынын жыйынтыктары боюнча журналисттерге маалымат берүү максатын көздөгөн. Депутаттар журналисттерге маалыматты пресс-борбордун кире беришинде беришти.
Пресс-борборго кирүүгө уруксат бербей коюунун жөнүн Жогорку Кеңештин тиешелүү жетекчилиги козголчу теманын фракциянын ишине тиешеси жок деп, демилгени Социал-демократтар партиясынын жеке ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин атын атоону каалабаган өкүлү билдирди. Бириккен оппозициянын курамына кирген Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракциясынын өкүлдөрү Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаева эл менен жолугушуу үчүн жана “Ата мекен” саясий партиясынын райондук жыйындарына катышуу үчүн Талас облусуна барганы мурда кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG