Баяндаманын бир бөлүгү Батыш Азия чөлкөмүнө багышталып, негизинен Ооганстанда өндүрүлгөн маң заттары тууралуу болот. Алар негизинен Пакистан, Иран, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу дүйнөгө таралары айтылат.
Эл аралык маң заттарын көзөмөлдөө кеңеши БУУнун алдында түзүлгөн көз карандысыз орган. Анын жыл сайын чыгарган баяндамасында маң заттарынын дүйнөгө жайылуусуна каршы күрөшүү жаатындагы көрсөткүчтөр иликтенет. Анын бир бөлүгү негизинен Ооганстанда өндүрүлгөн маң заттарына, ага каршы күрөшүү маселесине арналат.
Баяндамага караганда, 2008-жылы Ооган бийлиги менен эл аралык коомчулук бул өлкөдө мыйзамсыз апийим өндүрүүгө каршы күрөштө айрым жетишкендиктерге ээ болушкан. 2007-жылы Ооганстанда мыйзамсыз апийим өндүрүү деңгээли 193 000 гектарды түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетсе, 2008-жылы ал 157 000 гектарды түзгөн. Мурда Ооганстанда апийимден арылтылган 13 вилайет болсо, алардын саны эми он сегизге жеткен. Ооганстандагы жети гана вилайеттен чыккан апийимдин өлчөмү, жалпы өлкөдөгү апийим өндүрүшүнүн 98 пайызын түзгөн.
Бирок айрым жетишкендиктерге карабай, Ооганстан дале болсо мыйзамсыз апийим өндүрүүдө дүйнө жүзүндө алдына эч кимди чыгарбай келатат. Түшүм абдан мол болгондуктан, былтыр апийим өндүрүшү 6 пайызга гана азайган. 2007-жылы түшүм 8 миң 200 тоннаны түзсө, 2008-жылы 7 миң 700 тонна болгон.
Ошондой эле баяндамада Ооганстанда өндүрүлгөн маң заттары негизинен Иран, Пакистан жана Орто Азия өлкөлөрү аркылуу Европага, Орусияга таркалары айтылат. Ооган апийимин таркатуудагы өтө чоң өлчөмдөгү аткезчилик -жакырчылыктын, уюшкан кылыштуулуктун кеңейишине, коррупциянын жана эл арасында талаптын өсүшүнө алып келген. Иранда, Борбор Азия өлкөлөрүнөдө маң заттарын колдонгондордун саны өсүп, баңгилердин арасында СПИД оорусуна чалдыккандар көбөйгөн.
Кыргызстандык серепчи Марс Сариевдин баамында, кыйла учурда бул сыяктуу статистикалык маалыматтар туура эмес чыгат.
Ал “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, Ооганстанда апийим өндүрүшү азайды деген статистикага ишенүү кыйын экенин, тескерисинче анын көлөмү жыл сайын өсүп баратканын, дүйнөдөгү ири державалар учурда кайрадан “Чоң оюнду” баштап алышканын, андыктан мындай баяндаманы толук акыйкат катары кабыл алуу туура эмес болуп каларын айтат:
- Чоң геосаясий маселе бар бул жерде. АКШ талиптерге каршы күрөшүн баштап, аскерлери Ооганстанда турган учурда да маң заттары ал жакта көбөйдү. Мен андыктан баңги заттардын көлөмү азайганына ишенбейм. 19-кылымда да Британия ары жактан Ооганстанга кирип, орустар бери жактан жылып, Борбор Азия жана Ооганстан чөлкөмүн бөлүшө албай чоң оюндар болгон да. Азыр да ошондой оюн жүрүп атат.
Баяндамада Борбор Азия аркылуу маң заттарын ташуу деңгээли жогору бойдон калып жатканы, чөлкөмдөгү мамлекеттердин өкмөттөрү ага каршы күрөшүүдө бирдиктүү иштөөгө аракет кылып жатышканы белгиленет. Ошондой эле маң заттарын мыйзамсыз алып өтүүдө жаңы жолдор иликтене баштаганы айрыкча белгиленет.
БУУнун колдоосу менен жүзөгө ашырылган баяндамага ылайык, ушул тапта мыйзамсыз баңгизаттар Батыштагы баңгичи кардарларга жана алардын эсебинен туйтунгандарга Ортоңку Чыгыштагы Иордания, Сирия жана Бириккен араб эмирлиги сыяктуу өлкөлөр аркылуу да ташылып жатат.