Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Акыйкатчы В.Пономарев боюнча М.Суталиновго кат жолдоду


Мындай маалымат Акыйкатчы Турсунбек Акундан алынды. Анын айтымында, ал Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталиновго орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревдун Кыргызстанга кирүүсүнө эмне үчүн тыюу салынгандыгын ачыктап берүүнү өтүндү. Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономаревду чегарачылар 26-февралда Улуттук коопсуздук комитетинин кирүүсүнө беш жылдык тыюу салгандыгына байланыштуу киргизбей коюп, эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан. Улуттук коопсуздук комитети тыюу салуусунун себеби боюнча түшүндүрмө бере элек. (BD)

XS
SM
MD
LG