Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Жаштардын уюмдары “Коммерциялык эмес” уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы


Бул тууралуу өлкөдөгү бир катар жаштар уюмдары президент К.Бакиевге, Жогорку Кеңешке, жана Акыйкатчыга кайрылуу жолдогону жатышат. Демилге “Эркин муун” либерал жаштар альянсы тарабынан көтөрүлдү. Кайрылууда бейөкмөт уюмдарга карата өлкөдө киргизилчү чектөөлөр адамдын фундаменталдык укуктарына шек келтирээри айтылган. “Коммерциялык эмес” уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү Башмыйзамга каршы келээрин белгилешкен жаштар учурда кайрылууга тилектеш жаштардын колун чогултууда. (EK)

XS
SM
MD
LG