Мындай маалымат бүгүн облустук шайлоо комиссиясынан алынды. Комиссиянын төрайымы Майрам Тиленчиева Нарын облусу боюнча 5 райондук 1 шаардык шайлоо комиссиясынын курамына жалпысы алты партиядан 25 талапкер сунуш кылынгандыгын маалымдады. Чүчү кулак кармоодон соң “Ак шумкар” партиясынан 5, “Ата Мекен”, “Ак жол” жана Кыргызстан социал демократтар партиясынан үчтөн, ал эми Кыргызстан компартиясынан 1 өкүл райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамына мүчөлүккө кабылданган. “Жаңы Кыргызстан” партиясынан сунушталган бир адам чүчү кулак кармоодо мүчөлүккө кирбей калган. (KUs)
Нарында райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамына 5 саясий партиянын мүчөлөрү кирди