Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Грузия президенти өлкөдөгү кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди


Анын алдында бийликтер аскерий кутумдун бети ачылганын маалымдашкан. Коргоо министри Давид Сихарулидзенин ырастоосунда, Тбилисинин жанында жайгашкан Мухровани базасындагы козголоңчулар шаршембиде Грузияда башталып жаткан НАТОнун машыгууларын үзгүлтүккө учуратууну көздөшкөн. Саакашвили базадагы окуя “олуттуу” окуя, бирок жалпы мүнөзгө ээ эмес деп айтты. Президент "түндүктөгү коңшуну" провокациядан карманууга үндөдү. Буга чейин Грузиянын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Шота Утиашвили 1 кишинин камакка алынганын айтып, бул ишке Россиянын тиешеси бар деп айыптаган. Россиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин мындай айыптоону “күлкү келтирээрлик” деп атады.

XS
SM
MD
LG