Бул тууралуу “Азаттык” үн алгысынын күйөрмандар кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров билдирди. Анын айтымында, спикер Айтибай Тагаевге жана Жогорку Кеңештин маданият, билим, маалымат боюнча комитеттин төрагасы Иса Өмүркуловго жолдонгон кайрылууну парламенттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнө бүгүн алып барып каттоодон өткөрдү. “Азаттыктын” күйөрмандарынын атынан жазылган кайрылууда, “Азаттык” үн алгысын УТРК аркылуу республиканын бардык аймактарында угузуу, “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” теле программаларын эфирден чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү, өлкөдө сөз эркиндигине чектөө салууну токтотуу талаптары коюлган. “Эгерде бул талаптар аткарылбаса БУУнун Бишкектеги кеңсээсинин жанында ачкачылык акциясын баштайм”,-дейт Токтоназаров. Ал ошондой эле бул маселе боюнча 5-майда президенттин басма сөз кызматына жана президенттин катчылыгына кайрылганын бирок аликүнчө жооп ала албаганын, алар 2-июнга чейин жооп беришерин айтканын кошумчалады. (AJ)