Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Таласта Республикалык бешинчи спартакиада өтүүдө


“Дени сак улут – гүлдөгөн өлкө” деген девиз астында 23-майдан бери болуп жаткан спартакиаданын негизги максаты элет жериндеги жаштарды спортко тартуу. Оор атлетика боюнча дуйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин айтымында, жалпы 7 оюндун түрүнөн спор мелдештери өткөрүлүүдө, алар волейбол, футбол, жеңил атлетика, күрөш, кол күрөш жана тогуз коргоол оюндары. Атайын түзүлгөн прогамма боюнча Кыргызстандын ар бир дубандарынан 94 жаш спортчу катышуусу керек. Жалал-Абад облусунун айылдарынан Таласка келген спортчулардын саны арбын болсо, Баткен облусунан болгону 18 спортчу аталган спартакиядага катышууда. Азырынча оюндардын жыйынтыктары чыга элек. (UA)

XS
SM
MD
LG