Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:07

Чек ара бойлой аңдар казылып жатканы кабарланууда


Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактарда чек ара бойлой тереңдиги үч метрге чейинки аңдар казылып жатат. Мындай маалыматты расмий жана бейрасмий булактар тастыктоодо. Маселен, чек ара кызматынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышановдун билдиргенине караганда Оштогу Ынтымак, Жалал-Абаддагы Бекабад аймактарында казылган жер 12 чакырымга жетип калды. Жергиликтүү тургундар мындай казылган аймактар Аксыда, Сузакта, Ноокатта орун алгандыгын айтып жатышат. Бейрасмий булактар Өзбекстандын чек ара кызматтары мындай аракеттерди мурда эле баштаганын, 25-майда Анжиянда болгон жарылуудан кийин күчөткөнүн айтышууда.
25-майдан кийин Өзбекстан өз тарабынан чек араны күчөтүп кайтара баштаган. Айрым булактарда былтыр ортодо 20дан ашык чыр-чатак катталгандыгы, быйыл катталган жаңжалдардын акыркысы катары кыргызстандык жарандын өзбекстандык чек ара кызматынын огунан мерт болгон факт аталууда. Чек ара маселелери боюнча тараптар бийик деңгээлде сүйлөшүү жүргүзгөндүгү тууралуу маалымат тараган жери жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG