Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Косовонун мурдагы премьер- министри Болгарияда кармалды


Агим Чекуну камоо үчүн эл аралык ордер Сербия тарабынан берилген. Ал кечээ Болгарияга чек ара бекеттеринин биринен кирип жаткан кезде камакка алынды.

Улуту боюнча албан Агим Чеку Косоводо 1998-99-жылкы согуш учурунда сербдерге каршы жасаган аскерий кылмыштары үчүн изделип жаткан. Ал кезинде Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын колбашчыларынын бири болгон. Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылдын февралында жарыялаган Косовонун өкмөтү Интерполго мүчө өлкөлөрдөн мурдагы премьер- министрди камакка алуу боюнча Сербиянын ордерин жээрүүнү суранган.

XS
SM
MD
LG