Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Кыргызстанда жаш кинорежиссерлордун конкурсу башталды


Кыскаметраждуу тасмаларды тартуучу режиссерлордун конкурсу экинчи автордук кино фестивалынын алдында өткөрүлүүдө. Фестиваль 23-27-августта Ысык-Көлдүн жээгинде болот. Кинематографтардын өнүгүү фондусунун продюсери Улан Исакбековдун билдиришинче, сынактан өткөн катышуучулар фестивалда белгилүү кинорежиссерлор менен жолугуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Конкурстун жеңүүчүсү фонддун эсебинен кыскаметраждуу фильм тартат. Сынак 15 күнгө созулуп, 30-июлда жыйынтыкталат. (AzK)


XS
SM
MD
LG