Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Орусия жаңы аскер бөлүгү 1-ноябрга чейин түзүлөт


Кыргызстанга Орусиянын аскер бөлүгүн жайгаштыруу боюнча эки тараптуу келишим 1-ноябрга чейин түзүлөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу эки президент Дмитрий Медведев менен Курманбек Бакиевдин 1-августтагы Чолпон-Ата жолугушуусунда кабыл алынган меморандумда айтылды. Орус аскер күчүн Кыргызстанга жайгаштыруу ниети тууралуу меморандумда белгиленгенге караганда жаңы түзүмдүн саны батальонго чейинки өлчөмдө болуп, ага кошумча кыргыз-орус аскерлерин даярдоочу окуу борбору да түзүлөт. Аскерий бөлүк кайсы жерге жайгаштырылаары тууралуу меморандумда ачыкталган жок. Документке аскер бөлүгүн жайгаштыруунун бардык шарттарын тараптар 1-ноябрга чейин иштеп чыгышы керек деп жазылды. Шарттардын катарында бөлүктү 49 жылга жайгаштыруу жана андан ары 25 жылга дароо узартуу жагы да бар. Учурда Кыргызстанда Орусиянын Кантта аба-аскерий базасы жана АКШнын транзиттик базасы жайгашып турат. (BuS)

XS
SM
MD
LG