Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Нурадагы курулуштар 15-августта аяктайт


Зилзаладан кыйрап калган Нура айлындагы там-таш куруу иштери мурда белгиленген мөөнөттө - 15-августта аяктайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк борборунун башчысы Тариэл Келдибеков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Нураны калыбына келитирүү үчүн бөлүнгөн 30 миллион сом толугу менен пайдаланылды. Учурда айылдын ичиндеги жолдор салынып жатат. Суу түтүктөрү орнотулуп, электр линиясы тартылды. 4-5-август күндөрү нуралыктар там-таш куруунун жүршүнө нааразыланып Ош-Эркечтам жолун тосушкан. Былтыр 5-октябрда катуу жер титирөөдөн Нура айылы толугу менен кыйрап калган. Кырсык 75 адамдын өмүрүн алып кеткен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG