Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстан Doing business рейтингинде 41-орунга ээ болду


Кыргызстан Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен бизнести өнүктүрүүдө рефрорматор өлкө катары алдыңкы мамлекеттердин катарына кирди. Мындай жыйынтыкка Дүйнөлүк банк “Бизнести алып баруу-2010” деп аталган иликтөөсүнөн кийин келген. Иликтөөдө белгилүү болгондой Кыргызстан ишкерликти өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу климатты жана шарттарды түзүү жагынан 10 реформанын жетөөнү ишке ашырган. Мунун ичинде бизнес ачуу, курулуш ишин жүргүзүүгө уруксат алуу, жумушчуларды иштетүү, менчикти каттоо, насыя акча алуу, салык жыйымдары жана эл аралык соода айландыруу бар. Дүйнөлүк банк тараткан маалыматта айтылгандай Кыргызстан мындай ийгиликке өкмөттүн жеке ишкерлер жана эл аралык донордук уюмдар менен тыгыз кызматташуудан кийин жетип отурат жана мындай ийгиликке өлкө катары менен экинчи жылы жетишип отурат.

Кыргызстандык айрым ишкерлер быйыл кабыл алынган жаңы Салык кодексинде ишкерликти өнүктүрүүгө бут тосуучу жагдайлар бардыгын белгилеп, нааразылыгын билдирген учурлар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG