Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:45

Беш-Күнгөйдө аскердик жаңы госпиталь ачылат


Бүгүн Беш-Күнгөйдөгү аскердик госпиталдын аймагында АКШнын Коргоо министрлигинин каржылоосу менен курулган аскердик жаңы госпиталы ачылат. Ал госпиталь Кыргызстандын аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн медициналык жактан тейлейт. Эки миллион доллардык бул долбоорду АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик кызматташуу бөлүмү ишке ашырган. Америкалык 12 медициналык кызматкер кыргыз дарыгерлери менен кызматташып, операция жасашып, тажрыйба алмашат. Беш-Күнгөй айылында буга чейин аскердик госпиталь 1942-жылы курулган. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. (AJ)

 

XS
SM
MD
LG