Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

К.Бакиев Казакстанда ЖККУ машыгуусуна күбө болот


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун “Матыбулак” полигонунда Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн (КСОР) катышуусу менен өтө турган ЖККУнун “Биргелешип аракеттенүү–2009” машыгууларына күбө болот. Машыгуулар учурунда ЖККУга мүчө мамлекет башчыларына Уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч туулган шартта биргелешип аракеттенүүгө багытталган бир катар техникалык эпизоддор көрсөтүлүшү пландаштырылууда. К.Бакиев Казакстанга кечээ барган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG