Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Исмаил Исаковдун соту уланууда


Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү Бишкек гарнизондук сотунда болуп жатат. Бүгүнкү соттук жараянда күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланды. Соттук териштирүүнү Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Серик Абиев жүргүзүп жатат.

Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштер Исмаил Исаков президенттин ички жана саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон. Белгилүү болгондой И. Исаковго байланыштуу сот иши Бишкек шаардык гарнизондук соту тарабынан быйыл жыл башынан тарта башталган. Бирок И.Исаков жана анын адвокаттары мурдагы судья Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөй турганын билдирип, Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот тарабынан алардын өтүнүчү канааттандырылып, ишти кароо Серик Абиевге тапшырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG