Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ооганстанда Карзай шайланбай калган болушу мүмкүн


Бириккен улуттар уюмунун даттанууларды иликтөө комиссиясы 20-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин талаш-тартыштуу айрым аймактарда добуштарды кайра санап чыккан эле. Дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө комиссиянын эксперттери 210 шайлоо бекетиндеги добуштарды жараксыз деп тапты. Шайлоодон кийин президент Хамид Карзай экинчи мөөнөткө президент болгону айтылган болчу. Эми добуштар толук саналып бүткөндөн кийин, буга чейинки жыйынтык жокко чыгарылып, шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү мүмкүн болуп турат. Карзай болсо мындай учурда өлкөнүн Конституциясын бузбай, экинчи айлампага барууга макул экенин билдиргени айтылууда. АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Хамид Карзай саясий туңгуюктан чыгуунун жолун бүгүн сунуш кылат го деп үмүттөнөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG