Уляновск областынын администрациясы буга чейин «13-ноябрдагы кырсыктан 2 аскер каза таап, 44ү жараат алды» деп жаткан эле. Азыр жараат алгандардын саны тууралуу жаңы расмий маалымат берилген жок. Өрт эртеси өчүрүлдү, бирок сарайдын аймагы жабык бойдон, саперлор жарылбай калган ок-дарыны текшерип жатышат.