Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Кытай мамлекеттик компанияларга газды көбөйтүүнү тапшырды


Кытай өкмөтү мамлекеттик ири үч компанияга газ өндүрүшүн жана четтен көгүлтүр от сатып алууну көбөйтүүнү тапшырганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. “Сhina Daily” деген гезиттин жазганына караганда, Кытай учурда газ боюнча ондогон жылдардан берки эң ири таңкыстыкка туш келүүдө. Күндүн сууктугуна байланыштуу өлкөдө көгүлтүр отту керектөө көбөйдү.

Кытай өкмөтүнүн газды көбөйтүү жөнүндөгү буюругу декабрда Түркмөнстан – Кытай газ кууру ачылар алдында берилип жатат. Куур толук кубаттуулукта иштегенде Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандан Кытайды көздөй жылына 50 миллиард кубометр газ өткөрө алат.

XS
SM
MD
LG