Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Орусия жана АКШ өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүсүн жандандырууда


Өзөктүк куралдарды кыскартууну караган жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн Женевада жанданары белгиленген. Жаңы документ мөөнөтү былтыр 5- декабрда бүткөн келишимди алмаштырат. Орус президенти Дмитрий Медведевдин сөзүнө караганда, азыр келишим “95 пайызга даяр” болуп калды.

Эки өлкө президенттери бул маселени өткөн айда Копенгагендеги саммитте жолуккан учурунда талкуулашкан, бирок келишимди беките алышкан эмес.

Ал эми келишимде колдогу өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 1500дөн -1675ке чейин, дүрмөттөрдү алып жүрүүчү унааларды 500дөн -1100гө чейин кыскартууну кароону Барак Обама менен Дмитрий Медведев былтыр июлда Москвада жолуккан учурунда макулдашкан.

XS
SM
MD
LG