Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Жалал-Абад облбийлиги айыл чарба маселесин карады


Бүгүн кеңешмеде айтылгандай, облуста 17 миң гектардан ашык аянт иштетилген эмес. Ага насостук суу станциялардын иштебегени себеп болгон. Казыналык каражат менен чет элдик гранттарды кайтаруу иши өтө төмөн. Январь айында бюджеттик акчалардын 3-4 пайызын өндүргөн Базар-Коргон, Сузак райондору өкмөттөн алган аштык буудайдын бир тогологун да кайтарган эмес. Жапония жана Кытай гранттарын 18-26 пайызга аткарган Токтогул району аштык буудайдын 2.4, Ноокен району 4.3 пайызын төлөгөн. Кеңешмеде эсеп комиттеттери каттаган айыл чарба уюмдарынын үчтөн бир бөлүгү гана иш жүргүзөрү, райондор менен эсеп комитеттериндеги маалыматтар бири-бирине дал келбери белгиленди. (YA)

XS
SM
MD
LG