Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Нарындыктар М.Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышты


Нарын шаарында электр кубатына тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы уюштурулган митингдин катышуучулары бийликке алты талап коюшту. Алар: тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, пенсияны төрт миң сомго чейин көтөрүү, Жетим кырка тоосу, Арпа, Аксайга бир да кытай жаранын жолотпоо, облуска жаңы дайындалган губернаторду тааныбоо, ошондой эле президенттин уулу Максим Бакиевдин бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн айтышып, эгерде бул талаптар аткарылбаса анда мөөнөтсүз ири митингдерге чыга турганын билдиришти. Аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегиндин маалыматы боюнча, чогулгандарга СДПК фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева, “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев барышты.

Митингди уюштуруучулар төрт миңге жакын адам чогулганын айтышууда. Байкоочулардын билдиришинче, бул сан үч жарым миңге чукул. (AiJu)

XS
SM
MD
LG