Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Бүгүн - Нооруз майрамы


Бүгүн кыргызстандыктар менен катар бир катар Азия мамлекеттери Ноорузду майрамдашууда.

Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарга барып такалат. Нооруз майрамы ошол доордо жашаган Зороастризм дининин негиздөөчүсү Заратуштранын диндик көз карашына байланыштуу болгону айтылат. Ошол себептүү исламга чейин майрамдалып келген бул күндү Ислам дининин майрамы катары түшүнбөө керек.

Нооруз сөзү фарс тилинин “ноу” – жаңы, “рузи” – күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини берет. Жаздын келишин, жаратылыштын жанданышын символ кылган бул майрамдын мекени Иран мамлекети. Байыртадан эле Нооруз майрамынын алдында элдер түшүм мол болуусун тилек кылып, карапаларга арпа, буудай, буурчак өндүрүп, түрдүү ырым-жырымдарды жасашкан. Кийин бул майрам Борбор Азиядагы элдерге да жайылган.

Кыргыздарда бул күнү сүмөлөк, көжө сыяктуу сыяктуу эзелтен келаткан тамак-аштар жасалат, конок күтүлөт, “аластоо” сыяктуу ырымдар жасалат. (IJz)

XS
SM
MD
LG