31-мартта Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын террорчулукка жана экстремизмге каршы ыкчам-иликтөө иш чарасынын алкагында өлкөдө тыйуу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун тургундары Д.А.,М.Т,Д.А. кармалды. Алардын жашаган жеринен диний-экстремисттик маанайдагы китепчелер, барактар, DVD-дисктер табылган. Жогорудагы факт боюнча мыйзамдын алкагында иш чара улантылууда.
Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)
Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)