Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

И.Чудинов: Россия насыясын пайдалануунун так тартиби белгиленген эмес


Өнүктүрүү фондунун башкы директору Игорь Чудиновдун бүгүн маалымат жыйынында билдирүүсүнө караганда, Россиянын 300 млн. доллар насыясы боюнча келишимде насыяны кайда жумшалары так айтылган эмес. Кыргыз тарап насыянын 100 млн. долларга жакынын Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга жумшады. Ал эми калган акчалар Улуттук банк жана коммерциалык банктардын эсебинде жатат. Евгений Гуревичтин жаңжалына токтолгон Игорь Чудинов, бул окуя өнөктөштөрдү тандоодо аяр болууну талап кылаарын белгилеп, Өнүктүрүү фондунун активдери иштеп жатканын кошумчалады.
Кыргыз тарап өткөн жылы Москва берген 300 млн. долларды ишкерликти, өндүрүштү көтөрүүгө жумшоо ниетин билдирип, бул багытта Экономика министрлиги долбоорлор үчүн конкурстар жарыялаганы белгилүү. (AiT)

XS
SM
MD
LG