Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Р.Отунбаева АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү менен жолугушту


Анда АКШнын мамлекеттик катчынын Түштүк жана Чыгыш Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк аны Кыргызстанга АКШнын Мамлекеттик катчысы жибергенин, АКШ өкмөтү Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Р.Блэйк убактылуу өкмөткө көмөк көрсөтүү менен Кыргызстандын жаңы бийлиги демократиялык баалуулуктарды жана адам укуктарын коргоого артыкчылык берерин айтып, шайлоолор жана Конситуциялык өзгөрүүлөргө көңүл бөлөөрүн белгиледи. Р.Блэйк убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен бир катар жолугушуу өткөрүп эки тараптуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү күтүлүүдө.
Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Кыргызстандын бүджетинде акча каражаты бар экендигин бирок АКШ өкмөтүнөн медициналык тармакка, билим берүүгө, жазгы айдап себүүгө колдоо керектигин билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG