Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Армения Түркия менен келишимди ратификациялоону токтотту


Бул маалыматты бүгүн армян президенти Серж Саркисян ырастады. Президенттин интернеттеги сайтында, “биз алга жылууну Түркияда талаптагыдай маанай жаралып, Анкарадагы жетекчилик мамилени нормалдаштыруу жараянына тартылууга даяр экендигине ынанганыбызда каршыбыз керек”,- деп айтылган. Мунун алдындаТүркия менен дипломатиялык мамиле орнотууну, чек араларды ачууну караган келишимдин ратификацияланышына Армениянын бийликтеги партияларынын коалициясы каршы чыккан эле. Алардын пикиринде, Түркия протоколдордун өз өлкөсүндө бекитилишин Армения менен Азербайжан ортосундагы Тоолуу – Карабах чатагынын чечилиши менен чогуу кароодо. Түркия менен Армения дээрлик бир кылымга созулган кастыктан соң, жарашуу үчүн дипломатиялык мамиле орнотуп, чек араларды ачууну караган келишимдерге былтыр октябрь айында кол коюшкан болуучу. Бирок Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясы тарабынан армяндардын кырылышына байланышкан чатак уланып жаткандыктан, нормалдашуу жараяны токтоп турат. Түркия Армения менен түзгөн тынчтык келишимдерин карманарын бүгүн өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

XS
SM
MD
LG