Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Убактылуу өкмөт Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жарыялады


Жаңы долбоор 110 беренеден турат. Анда президенттин ыйгарым укуктары 2007-жылдын 21- октябрында кабыл алынган Баш мыйзамдагыга салыштырмалуу кыйла чектелген. Маселен жаңы долбоор боюнча президент өз алдынча референдум жарыялай албайт. Мындайга 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен гана барат. Ал эми бир палаталуу Жогорку кеңештин бул ирээт 105 же 120 депутаттан туруусу сунуш кылынууда. Долбоорго ылайык бир партия парламенттеги орундардын биринчи вариянт боюнча 65ин, экинчи вариант боюнча 60ын ала албайт. Азыркы долбоордун мурдагы Конституциядан айрымасы - парламенттик көпчүлүк жана азчылык деген түшүнүктүн каралуусу. Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы, Эсеп палатасы өңдүү борбордук органдарынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү парламенттик азчылыктын сунушу менен дайындалат. Убактылуу өкмөт Байш мыйзамдын жаңы долбоорун 27- июнга белгиленген референдумда кабыл алууну сунуштоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG