Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Бүгүн М.Конгантиевдин Баш коргоо чарасын өзгөртүү каралат


Мурдагы ички иштер министри М.Конгантивдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Бишкек шаардык сотто каралат. Бул тууралуу анын адвокаты Рысбек Нагаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ички иштер министирлигинин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин ден соолугуна көзөмөл кылган дарыгерлер тобу анын башына операцияны Москвадан жасатуу керек деген чечимге келишкен.

25-апрелде Молдомуса Конгантиев Москвада Орусия менен Кыргызстандын коопсуздук кызматтары тарабынан кармалып Бишкекке алынып келинген. Ага 305-берене боюнча “кызматтык укугунан ашыкча пайдаланган” делип кылмыш иши козголуп, прокуратура камоого санкция берген. (AJ)

XS
SM
MD
LG